www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянты Ноорузду майрамдагандарга толуп, областтын жана шаардын жетекчилери шаар тургундарына жана конокторуна куттук айтуу менен жакшы каалоолорду ыроолошту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев жана башкалар Нооруз майрамы жалпы журтту бириктирүчү, ынтымакка алып келүүчү, эртеңки күнгө карай ишенимдүү кадам таштоосуна шык берүүчү күч экенин белгилешип, анын кылымдардан берки таржымалына токтолушту.

Майрамдык салтанатты областтык филармониянын, Барпы драмалык театрынын, шаардык маданият сарайынын өнөрпоздору көркүнө чыгарышып, шаардыктарга кеңири программадагы концертти тартуулашты. Эркиндик аянтында жана Барпы драмалык театрынын алдында азык-түлүктөр, кол өнөрчүлүк буюмдары кеңири коюлуп, көргөзмө уюштурулду.

Майрамдык сейилдөө учурунда шаардыктарды коомдук тамактануу субъекттери, ар түрдүү аттракциондор, оюн-зоокторду уюштурушкан атайын эс алуу жайлары тейлешти. Областтык жана шаардык спорт мекемелери тарабынан спорттун бир нече түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, жыл сайын Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы ири коомдук-маданий иш-чара катары салтанаттуу белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости