www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндөгү” токтомго ылайык, жылына 25 – апрелде улуттук салттуу музыканын жумалыгы өткөрүлүп келет. Бул тууралуу маселе бүгүн, 28-январда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында каралды, - деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндөгү” токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиевдин маалыматы угулду.

Талкууда депутат Садык Шер – Нияз салттуу музыкага бир гана Маданият министрлиги жооптуу эместигин айтып, бул маселеге Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы да көңүл бурушу зарыл, - дейт.  Салттуу музыка тууралуу илимий – практикалык конференцияларды уюштуруп, ачык сабактарды өткөрүүнү колго алуу керек, - дейт эл өкүлү.

"Салтуу музыкага деле мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууга тийиш. Болбосо, кыргыз футболу А.Салымбековго, айтыш С.Шер - Ниязга, же салттуу музыка Р.Амановага эле керек нерсе эмес да?!" - дейт депутат Жанарбек Акаев.

Депутат Дүйшөн Төрөкулов, -  салттуу музыка борборун түзүүнү сунуштады.

Кыргыз – түрк “Манас” университетиндеги салттуу музыка институтунун эстрадалык музыкага ыктап кетиши кандай? – деген суроону депутат Кубанычбек Жумалиев көтөрдү.

Жыйынтыгында айтылган сунуш – пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө багытында жыл сайын иш чараларды өткөрүп туруу өкмөткө тапшырылды. Ошондой эле ал аткарылган иштердин жыйынтыгын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине маалымдап турмакчы, деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости