www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мора" борошосу

Бангладеш жана Мьянмарда таасирдүү болгон "Мора" борошосунда каза болгондордун саны жетиге жетти.

Жоголгон жүз элүүгө жакын  балыкчыдан болсо ушул кезге чейин жыйырмасы табылды.

ББСинин кабарына караганда 50 миңге жакын үй зыян тарткан борошодон улам 350 миң киши  үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

Изилдөө куткаруу иштерине Индия деңиз флоту да колдоо берүүдө. Мьянмарды да таасири астына алган "Мора" борошосунда жүз миңдеген аракандык мусулман баш калкалаган качкындар лагери оор зыян тартты.

"Myanmar Times" гезитинин кабарына караганда Аракан жана Чин аймактарында таасирдүү болгон борошодо араларында өкмөт имараттары, мектептер жана саламаттык сактоо борборлору да болгон 1200 имараn колдонулбай турган абалга келди. Борошонун Мьянмарда жан жоготууга жол ачып же ачпагандыгы азырынча белгисиз.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости