www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атакем кайда кеттиң бизди таштап.

Балдарың кала берди өксүп жаштап.

Сыйыбызды көрүп жүрсөң болбойт беле,

Неберелериң жетелеп жолду баштап.

 

Баарынан да Апамкеме кыйын болду.

Көздөрү армандуу жашка толду.

Карай берет күнү-түнү,

Келет деп сизди күтүп узун жолду.

 

АТАКЕ сурагыңыз жеңил болсун,

Жаткан жериңиз, жаннаттан бейиш болсун.

Аллахым сизди алып,

Бейиштин ачкычын берген болсун.

 

АТАКЕ биз сизди эч унутпайбыз,

Сизге куран окуп, дайым улуктайбыз.

Анткени сиз биз үчүн бул жашоодо,

Калкалап бапестеген булуттайсыз.

 

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости