www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мезгилде хит ырларды аткарып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жүргөн Клара Алибекованы тагдыр өзүнүн оор сыноолору менен көп сынап койду. Бирок, ырчы айым анын баарын жеңип, кайрадан сахнага кайтып келди. Учурда эмне менен алек? Кандай күн көрүүдө төмөндөгү маекте.  

- Клара, борборго көчүп келгениңе бир нече жыл болуп калды. Кандай иш менен алек болуп жатасың?

- Туура, Бишкекке келгениме көп жыл болду. Жаңы көчүп келегнимде уулум Байэл кичине болчу. Көбүрөөк убактымды балама арнап, кийин мектепке бердим. Азыр өз алдынча болуп, чоңоюп калды. Сахнага кайра кайтып келдим. Чыгармачылыктын үстүнөн иштөө үчүн изденип жүрөм.

- Сахнага кайрадан кайтып келишиңе эмне түрткү болду?

- Бала чагымдан сахнага чыгып көнүп калган жаным андан алыстаганымда абдан сагындым. Элдин колдоосу, чын жүрөгүмдөн аларга арнап ырдаганым көз алдымдан кетпей койду. Ырчылыкка аралашып алган адам аны эч качан таштай албайт экен. Башка иштер менен алек болууга аракет кылып көрдүм. Бирок, тап такыр болбоду.

- Кыйынчылыктар болуп жатабы? Ким менен иштешип жатасың?

- Ар бир иште сөзсүз кыйынчылыктар болот деп эсептейм. Буга чейин эч бир продюсер менен иштешип көргөн эмесмин. Мындан ары да иштешпейм. Себеби, бирөө менен иштешип көнгөн эмесмин. Кыйынчылыктар азырынча байкалбай эле. Акырындык менен иштеп баштадым. Гастролдорго чыгуудамын. Теле берүүлөргө, гезиттерге маек берүүгө чакырышат барып коём. Олутту иш деле жасай элекмин.

- Сенден жаңы ырларды күтсөк болобу?

- Ооба, азыркы тапта Чыңгыз Турдубеков деген таланттуу жигит менен жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатам. Жакында бир сүйүү темасындагы жаңы чыгармам жарыкка чыгат. Ошол ырга эле дароо клип тартууну пландап жатабыз.

- Эч жерде иштебесең финансыны кайдан табуудасың же демөөрчүң барбы?

- Менин эч кандай демөөрчүм жок. Той-топурга, гастролго чыгып тапкан акчаларым бар. Өзүмдүн үй-бүлөм, бир туугандарым финансы жактан колдоп турушат.

- Экс-жолдошуңуз Байыш Момунов менен байланышың барбы?

- Экөөбүздүн ортобуздун жаралган уулубуз менен көрүшүп турат. Мени менен эч кандай байланышы жок. Бирок, уулум менен Байыштын эч кандай жардамына муктаж эмесмин.

- Байыш менен өткөргөң күндөрүңө өкүнөсүңбү?

- Ооба. Байыш мени жубайы менен ажыраша электе ала качып кеткен. Ошондо ага турмушка чыгып калганыма өкүнөм. Бирок, өкүнгөн менен эч кандай пайда жок. Жараткан ар адамга кандай тагдырды буюрса, ошону көрөт экен.

- Өткөндө борборубуздагы кафелердин биринен сизге кам көрүп, жандап жүргөн мырзаны көргөн элем. Турмушка чыгуу планыңызда барбы?

- Бул суроого жооп бергим келбей турат. Азырынча турмуш куруу планымда жок. Турмуштан бир жаңылган соң, абдан олуттуу ойлонуп калат экенсиң. Балам да мырзалардан мени абдан кызганат. Ошондуктан, баарын убакыт көрсөтөт.

- Бирок, сизди жандап жүргөн мырзалар бар экенин моюнга аласызда?

- Ооба, албетте.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости