www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өгөй кызын зордуктады деп айыпталган кишини Ош облустук соту 20 жылга кести. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты Азаттык жарыялады.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес. Жабыркаган кыздын жакындары бул чечимге нааразы болуп Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Алар облустук соттон айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү өтүнүшкөн.

Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөмөй болду.

Кыздын жакындарынын сөзү боюнча, 16 жаштагы кызды өгөй атасы мурда эле зордуктап жүргөн. Бул тууралуу секелектин боюна бүтүп, былтыр күзүндө төрөгөндөн кийин белгилүү болгон. Жабырланган кыз учурда таенесинин колунда тарбияланып жатат. Ал эми секелек төрөгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости