www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку өткөрүмдүүлүктөгү аба чубалгыга алмаштырылып жатат. АС 50 кубаттуулуктагы аба чубалгылар АС 90 кубаттуулуктагы аба чубалгыларга алмаштырылууда. Аталган аба чубалгы 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абалды жаратчу.

Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарын аралап өтөт, бул айылдарда  4474 абонент бар. Жалпы 4 бригада Токтогул, Исбаскент, Ала-Бука район электр тармактарынын жана “Жалал Абатэлектро” ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматынын адистери  иш жүргүзүп жатышат. Жалпы 20 ашуун кызматкер жана 5 техника тартылган. Жумуш аягына чыккан соң электр энергиясынын техникалык жоготуулары азайып,  кыш айларындагы авариялык өчүүлөр кыскарат.

ААК “Жалал Абатэлектро” басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости