www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясы ички иштер министри Улан Исраиловдун фракция жыйынына келбегенин сынга алды. Депутат Зарылбек Рысалиев министр Исраилов парламентти тоготпой жыйынга келбей жатканын билдирди. Анын айтымында, министрдин мындай мамилесин өкмөт жетекчилиги карап, тиешелүү чара көрүүгө тийиш.

Жыйынга катышып жаткан вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев министр Исраилов ооруп жатканына байланыштуу парламентке келбегенин түшүндүрдү.

Бүгүн “Республика-Ата-Журт” фракциясы өлкөдөгү жол кырсыктарын азайтуу, “Акылдуу шаар” долбоору жана “Таза коом” программасынын аткарылышын карап жатат.

Фракция лидери Руслан Казакбаев “Таза коом” программасынын алкагында былтыр 100дөн ашык иш-чара аткаруу каралса, анын 30 пайызы гана аткарылганын сынга алып чыкты.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза Коом" улуттук долбоорун былтыр апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости