www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, «Дөө-Чынгыз» каймана аты менен таанылган Чынгыз Жумагулов мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Ал киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн деген айып менен 18 жылга соттолгон.

Ага ка­рата өкүм 2017-жылдын 6-январында Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылган. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналат. Ысык-Ата районуна хан сарай куруп алган. Маанилүү маселелер мына ошол хан сарайдан чечилип турат. Карапайым жарандар бул жигитке жеке маселелери менен бийлик өкүлүнө кайрылгандай эле арызданып турушат.

Өзүнүн туулуп- өскөн айылындагы тургундарга арак ичүүгө тыюу салып койгону да бар. Милиция кызматкерлерине баш ийбейт. Илибой маселесин бийликтеги таасирдүү адамдар менен чечип алаарын айтышат.

Учурда Чынгыз Жумагуловдун эркиндикке чыгарылышынын себептерин сот да, прокуратура да, милийса да тактап айтып бере алышкан жок.

Кыскасын айтканда, кылмыш дүйнөсү бийликке, бийлик аларга кызмат көрсөтүп кал­ды.

Булак: "Ачык саясат" 

Последние новости