www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмаиловго жүргүнчү ташуучу автобустун өрттөнүшүнөн улам жарандардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Анда мындай деп айтылат:

“Казакстан Республикасынын Актөбө облусуна караштуу Иргиз районунда жүргүнчү ташуучу автобустун өрттөнгөндүгүнөн улам адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул кайгылуу сааттарда, ушул оор мүнөттөрдө боордош Өзбекстан калкы менен биргеликте экенибизди билдирем.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын туугандарына жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, кырсыкта жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости