www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында "Түндүк электр" ААК Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ставрополовка, Степное, Кара-Суу айылдарында 0,4 кВ аба электр чубалгыларын өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялоодо. Бул тууралуу маалыматты NazarNews.kg маалымат агенттигине "Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы билдирди. 

Өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдар кичине салмакта болот жана  кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдын артыкчылыктарынын санына оңдоодогу жөнөкөйлүгү, чыңалуу алдында иштөө мүмкүнчүлүгү, коопсуздуу тейлөө кирет.

Жалпысынан 2018-жылы"Түндүк электр" ААК Жайыл районундагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 44 чакырымын өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдарга алмаштырууну мерчемдөөдө. Ал үчүн энергетиктер 1230 темирбетон тирөөчтөрдү орнотушу керек. 20-сентябрга Жайыл райондук электр тармактарынын электр куроочулары 30 чакырымдан ашуун аба чубалгыларын реконструкциялашып, 900 жакын тирөөчтөрдү орнотушту.

Эске салсак, 2018-жылы өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 0,4 кВ чубалгыларын реконструкциялоо иштери Чүй облусундагы бардык райондук электр тармактарында жүрүүдө. Натыйжада, акционердик коом кышкы суук түшкөнчө Чүй облусундагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 157,4 чакырымын реконструкциялоону мерчемдөөдө.

"Түндүк электр" ААК иш учурунда жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана керектөөчүлөрдү түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Белгилей кетсек, “Северэлектро” ААКнын балансында 11,4 миңге жакын чакырым 0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгылары бар, анын 984,2 чакырымы 2011-2017 ж.ж. өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдарга алмаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости