www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 12-мартында Невшехир провинциясына жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р. Казакбаев жергиликтүү туризм жана сувенир өндүрүшү менен алектенген бир катар компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Атап айтканда, Voyager Balloons компаниясынын жетекчиси Тейфик Олмез менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул компания Каппадокия аймагында аба шарлары менен учуунун белгилүү операторлорунун бири болуп эсептелет жана чет өлкөлүк туристтер арасында популярдуулукка ээ.

Мындан тышкары, компания аба шарларын жана тиешелүү жабдууларды өндүрүү менен да алектенет.

Жолугушуу учурунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жана туризм тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты. Т. Олмез компаниянын бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Египет, Испания жана Иорданияда тажрыйбасы жана өнөктөш долбоорлору бар экенин белгиледи.

Кыргыз тарап компаниянын ишмердүүлүгүнүн географиясын кеңейтүү жана Кыргыз Республикасында окшош туристтик долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун келтирди. Бул өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк туристтерди тартууга багытталган.

Өз кезегинде Т. Олмез кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыгуу көрсөтүп, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу жана окшош долбоорлорду ишке ашырууга ылайык жерлерди изилдөө максатында Кыргыз Республикасына барууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Элчи Р. Казакбаев туристтик сектор үчүн салттуу жана сувенир продукциясын өндүргөн Bazaar 54 жана Güray Seramik компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуулардын алкагында кыргыз компаниялары менен бизнес-катнаштарды орнотуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары талкууланды.

Последние новости