www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын саясий элитасындагы көрө албастык жана кара пиардын күчү
Бизде мамлекеттин бюджетин толтуруучу киришелүү булактардын эң алдыңкыларында Бажы тармагы бар. Кыргызстан Борбордук Азияда транзиттик өклө. Кытайдан товарларды КМШ мамлекеттерине Кыргызстан аркылуу алып өтүшөт. Мына ушундай бажы катттамдарынан түшкөн салык Кыргызстандын жылдык кирешесинин жарымына чейинкисин толтуруп коюшу толук мүмкүн. Бирок, эгемендүүлүк алгандан бери Бажыдан түшкөн кирешелер эч качан толук казынага төгүлбөй, бул тармакта жооптуу кызматтарда иштегендер тез аранын ичинде кымбат унааларды айдап, кабат-кабат үйлөрдү салышчу. “Бажыда иштейт”-десе аны бай жашайт деп элестете берсеңиз болот. Адамдардын түшүнүгүндө ушул ой калыптанып калган.
Бирок, Бажыга жетекчи болбосо дагы иштин көзүн билген кадр катары Раим Матраимов бир канча ийгиликтүү ишин көрсөтө алды. Мисалы, мурун Бажыдан мамлекеттик бюждетке жылына 15 миллион доллардын тегерегиндеги каражат түшүп келген.
Ал эми 2015-жылы Раим Матраимов бажы кызматынын орун басары кызматына келгенден тартып казынага жылына 45 миллион долларга чейин киреше түшүп калган. Бирок, Бажы тармагында мурун кирешени сол чөнтөкө салып, айрым бийик даражалуу чиновниктерге чейин бөлүшүп алыпкелгендерге бул жаккан эмес.
Алар Раим Матраимовдун артынан жалган маалыматтарды таратып, далили жок эле “миллиондогон сомдорду уурдап алды” деп каралап башташкан. Раим Матраимов өзү публикада көп сүйлөбөгөн, пиар менен алектенбеген кызматкер катары андайларга көңүл бурган эмес. Раим Матраимовдору өздөрү колунда бар, жакшы турган бир туугандар. Алар бажы тармагына жетекчи болуп иштей элек кезинде эле ишкерлик менен бутуна туруп, Кара Суу районунда элге жардам берген ишкерлер катары белгилүү. Жалган кара пиарды уккандар “Раим Матраимов бажыда иштесе демек ошол жактан байыды” деп кабыл алгандыр көп болду. Бирок, сол чөнтөкө акчаларды уурдаганга мүмкүнчүлүк бербей казынага салганы үчүн, айткандарга макул болбогону үчүн Атамбаев жана Икрамдар элдин алдында ачык каралоого өтүштү.
Марат Сабыржанов
Булак: NazarNews.kg