www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асмандан өрдөктөр өлүп түштү

АКШнын Айдахо-Фолс шаарында асмандан 50дөн ашуун өрдөк өлүп түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Fox 13 телеканалы билдирди. Шаар тургундары бул көрүнүшкө таң калуу менен карап, өрдөктөр эмне үчүн өлүп түшкөнүн изилдеп баштаган.

--Окуя 7-апрелде болуп өттү. Кечке маал каттуу жаан жаап, нөшөрлөп артынан эле мөндүр жааган. Ошол учурда эле асмандан тапырап өрдөктөрдүн өлүгү түшө баштады. Алардын арасында 3 каз бар экен, деген жергиликтүү тургундар.

Адистер, "асмандан өлүк түшкөн өрдөктөрдү чагылган уруп кеткен", деген тыянак чыгарган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости