www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Раим миллион” атыккан экс-бажычы Раим Матраимов сотто жеңип чыкты. Ал өзүн Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан негизсиз бошотконуна макул эместигин билдирип экс-премьер Сапар Исаковдун үстүнөн доо арыз менен Биринчи Май райсотуна кайрылган болчу.
Бүгүн сот Алмаз Калыбаев аны бошотуу мыйзамсыз болгонун таанып, кызмат ордуна кайра кайтаруу боюнча чечим чыгарды. Р.Матраимовдун өкүлү “Раим миллионду” саясий себеп менен кызматтан алышканын жүйөө келтирген.
Ал эми Бажы кызматынын өкүлдөрү буга каршы пикир билдирбей, соттон өзү туура деген чечим чыгарууну өтүндү. Чечим боюнча Раим Матраимов мурунку кызматтык ордуна кайра кайтарылышы керек.
Р.Матраимов мурда Ош облусундагы бажы башкармалыгын жетектеп, кийин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына көтөрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg