www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан жол кыймылынын эрежелери сакталбаган, жол кырсыктары эң көп катталган өлкө болуп калууда. Күн сайын жүздөгөн жол кырсыктары катталып, ондогон өмүрлөр кыйылууда. Кечээ эле Чүйдө эки унаа кагышып, натыйжада 5 киши каза болду. Мындай статистика интернет лентасында саат-мүнөттөр сайын жарыяланууда. Куткаруучу Самат аманкуловдун пикиринде жол кырсыктарынын жаралышына көп учурда алыскы жол жүргөн таксисттердин жолдо баратык уктап кетиши себеп болот. Мындан тышкары, оор жүк ташуучу унаалардын тоскоолдугунан улам да катталат.

Буга жолдордун акыбалынын начардыгы бир себеп болсо, экинчи себеп айдоочулардын унаа башкаруу тартиби менен жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүм-турум маданияты болууда.

Иликтөөлөргө ылайык, жолдордун абалы (82,9%), айдоочулардын тартиби (77,2%) жана жөө адамдардын жүрүм-турум маданияты менен укуктук даярдыгы (73,8%) “төмөн” деп бааланган. Респонденттердин жарымынан көбү (64,4%) жолдордогу кыймылдын жыштыгын “жогору” деп көрсөткөн. 49,2% суралгандар жол эрежесин эч качан бузбастыгын белгилесе, дагы 47,3%ы кээде бузган учурлары болоорун айткан, ал эми 2,4% гана жол эрежесин көп бузаарын моюндаган.

Жол-транспорт кысыктарынын негизги беш себептерине булар кирген: айдоочулардын тартипсиздиги; айдоочулардын унаа мектептеринде начар даярдалышы, наркотикалык жана алкоголдук мас абалында унаа айдоо, жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүм-турум маданиятынын төмөндүгү жана коррупция.

Мындай иликтөөнү “Жарандык коом жана демократия үчүн коалициясы” жүргүзгөн. Иликтөө телефондук байланыш аркылуу жалпы республика боюнча жүргүзүлүп, ага 738 адам катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости