www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызда, “вазир жакшы хан жакшы – аял жакшы эр жакшы” демекчи, Раиса Атамбаева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди темир торго тыкмай болду. Тактап айтканда, Атамбаевди жакында бар кылат же жок кылат. Анткени эркектин чоң ийгилигинин артында аял турарын коомчулук көзгө сайып айтып келгени менен Атамбаевдин акыркы күндөрү саясый кадамдарында чоң жаңылыштык болуп жатканын коомчулук бирде Фарид Ниязовду күнөөлөсө, бирде Раиса Атамбаеваны жемелеп келишүүдө...
Мындан ары саясаттын жүрүшү кандай болот, ток этээрин айтып сарасеп салып көрөлү. Жергиликтүү ММКлардын баары ал тургай калың журт мурдагы президентти "качан камалат экен" деп кулак түрүп турган мезгили. Атамбаевдин тагдыры кандай болот? Бул суроо баарыбызга табышмак болгону менен Башкы прокуратура экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу тууралуу Жогорку Кеңештин атайын комиссиясына корутундусун териштирип, Атамбаевге коюлган беш айып тең негиздүү жарыяланганын коомчулукка жар салды.
Бирок Башкы прокуратуранын жообуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин айыптоосун толугу менен четке какты.
Кырдаал курчуп бара жатканын сезген Алмазбек Атамбаев биринчи Кудайдын урматына, экинчи элдин урматына болуп түлөө өткөрүп жиберди.
Анысы го жакшы дейли, кыргыздар түлөө өткөргөндө ак дасторкондо жакшы бата-тилек айтышат. Атамбаев адатына салып түлөөнүн аягында кайрадан бийликке сын айтып, оош-кыйыш ойлорун ортого салып, кыжырына тийчүүлөрдүн “кыжырына” дагы бир жолу тийип алды да, өз оозу менен куралдары бар экенин айтып алды. Бул сөз Атамбаев үчүн 6-мүдүрлүү болуп, алты айыптын жетинчисине кадам таштады.
Баса, жалпыбызга дайын болгондой, акыркы күндөрү кримтөбөл Азиз Батукаевди качырганга кол сунгандардын четтен темир тор артына тыгылып, алды УКМКнын босогосун аттап, арты калтырап турган мезгили.
Так ошол камалгандардын көпчүлүгү мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын көп мыйзамсыз иштерге “буюртма” бергенин айтып, көрсөтмө беришкендиги тар чөйрөдө айтыла баштады.
Демек, арты жакшы эмес, ошондо "Раиса Атамбаева жакынкы күндөрү Аида Салянованын жанына барып калышы мүмкүнбү?", - деген суроо жаралаганы менен “Раиса Атамбаева жакында камалат” деген такталбаган маалымат тарады.
Булак: NazarNews.kg