www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“10 млрд сомду жок кылып жиберген” деп Атамбаев Бажы кызматынын мурунку төрага орун басары Райым Матраимовду өлкөдөгү номур биринчи коррупционер катары көрсөтүп, Жээнбеков коррупция менен күрөштү Райым Миллиондон башташ керек дегендей кеп кылган.

Райым Матраимов кечээ “Азия Ньюс” гезитине маек берип, Атамбаевдин калпын чыгарып койду. Аны номур биринчи коррупционер деп атап жаткан Атамбаев өзү кызматка дайындаганын ачыктап “2015-жыдын август айында менин республикалык бажы кызматынын төрага орун басары болуп дайындалышыма Алмазбек Шаршенович менен досум Икрам Илмияновдун түздөн-түз салымы бар. Аны танбайм да, жашырбайм да” деп айтыптыр.

Матраимовдон мындай сөз чыгарын күтпөгөн азыркынын “аталыгына” бул ачуу чындык саясатка кайтып келем деп ногдаунга туш болуп турганда катуу сокку болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости