www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин көзү көрөгөч. Эскирген кылмыш иштерин кайрадан көтөрүү менен резонанс деле жарала элек. УКМК болгону Атамбаевге сын айткан, Текебаевди колдогон Каныбек Осмоналиевдин жабылган кылмыш ишин козгоду. Коомчулукта бул көрүнүш саясый куугунтук катары сыпатталууда. А эмне үчүн Тайырбек Сарпашевдин Бакиевдерге караштуу жер аянтчасын «ададдаштыруусу» боюнча сөз болбойт?

Эсиңерден өчпөсө, Сарпашевдин үстүнөн да кылмыш иштери козголуп, чыр-чатак менен кызматынан айдалбады беле? Элементардык эле суроо: «Ата Мекендин» лидерин колдогон Осмоналиевди кысышат да, КСДПнын «арыгын чапкан» Сарпашев унутга калабы? Бул бир гана мисал. Алалабай, адилеттүү түрдө деги качан коррупцияга каршы күрөш жүрөт?

Булак: АЗИЯньюс

 

Последние новости