www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош областына караштуу Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы, Кара-Суу районунун аймагында 2020-жыл ичинде COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө, алдын алуу иштерине салым кошкондугу үчүн “Исмаил Ата” кайрымдуулук фондуна Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы расмий түрдө ыраазычылыгын билдирди.

Аталган баракчаны Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, акимдин милдетин аткаруучу К.Адиев тапшырды.

Нет описания фото.

Ошондой эле бүгүн, 3-январда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан “Исмаил ата” фондуна COVID-19 пандемиясы учурунда активдүү жарандык позициясы жана шаардыктарга көрсөткөн колдоосу үчүн мэрдин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, журт башына келген оорчулукта эл аралык уюмдар, жергиликтүү фонддор, мүмкүнчүлүгү бар мекенчилдер жардамдарын аяган жок. Алардын катарында “Исмаил-Ата” кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргызстандын баардык аймактарына өлкөгө өз салымын кошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости