www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын орусиялык кесиптеши Владимир Путин 18-августта телефон аркылуу сүйлөшүп, Ооганстандагы кырдаал боюнча тынчсызданууларын билдиришти.

Тажик президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Эмомали Рахмон менен Владимир Путин Ооганстандагы кырдаалдын курчушу аймактын коопсуздугуна терс таасирин тийгизерин белгилешти.

Белгилей кетсек, буга байланыштуу тараптар тажик-ооган чек арасын кайтаруу аракеттерин мындан ары да координациялоо жана ооган жаңжалын тынч жол менен чечүү жараянына жардам берүү зарыл деп эсептешет.

Эки өлкө тең – Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү.

Бул арада талибдер тажик-ооган чек арасындагы жоочуларын көбөйткөнү кабарланды.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, талибдер ушул тапта Тажикстан менен чектеш 900 чакырым тилкени көзөмөлүнө алды. Мындан улам Душанбе өлкөгө көптөгөн качкындар келиши мүмкүн деп кооптонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости