www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Назира Артыкова:

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле өлкөдө апрель айында COVID-19 вирусунун альфа, бета варианттары табылганын кабарлады.

"ДСУнун максаты сентябрь айына чейин дүйнөдөгү ар бир өлкөдө калктын 10%, жыл соңуна чейин 40%, келерки жылы 70% эмдөө. Пандемияны бул максатты ишке ашыруу менен гана жеңе алабыз", - деди Артыкова.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Жалпы эмделгендер 900 миңден ашты.

Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости