www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын Кабул шаарындагы баш аламандыкта учуп бара жаткан учактан кулап каза болгон өспүрүмдөр бир тууган экени белгилүү болду, деп жарыялады «Sabah».

Бир тууган балдар 16 жана 17 жашта болчу.

«British Mirror» гезити жергиликтүү булактарга шилтеме берип билдирген маалымат боюнча, 8 бир туугандын улуулары 20 миң адам Канада менен Америкага жеткирилет деген ушакты уккандан кийин көпчүлүк менен кошо аэропортко барышкан. Учактын ичине батпай, учактын дөңгөлөгүнө жармашып алышкан. Учак асманга көтөрүлгөндө экөө тең кулап түшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, биринин денеси табыла элек.

Буга чейин Афганистандын жаш футболчуларынын курама командасынын оюнчусу Заки Анвари учуп бара жаткан учактан кулап көз жумганы белгилүү болгон.

Эске салсак, 15-августта Афганистандын президенти Ашраф Гани отставкасын жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен. Ага удаа Афганистандагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарды «Талибан» кыймылы көзөмөлгө алгандыктан Афганистандан чыгып кетүүнү каалаган адамдар аэропортко чогулду. Аба каттамдары да токтогондуктан дипломатиялык аскердик-транспорттук учактар гана каттап, мындан улам аэропортто баш аламандык башталган.

Кабулдагы аэропорттон учуп бара жаткан учактан адамдар кулаганда тартылган видео тараган. Учакка батпай калган адамдар анын сыртына чейин жармашып алышкан.

Кийинчерээк «Талибан» кыймылы аэропорттогу баш аламандыкта 40 адам каза тапканын билдирип, өлкө жарандарын үйүндө калууга чакырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости