www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга 23-августта кол койду. Күчүнө кирген мыйзам сөз эркиндигине кандай таасир этиши мүмкүн?
Аскер Сакыбаева төмөндгүдөй жооп берди.
--"Бул мыйзамдын Кыргызстанга кереги жок болчу. Менин адамдык ар-намысыма, ишкердик беделиме доо кетирди деген сот жараяндары буга чейин эле болуп келген. Дегеле жалган маалымат таратуу деген жараяндардын бардыгы буга чейин иштеп келген мыйзамдар менен жөнгө салынган.
Мындан тышкары маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды карай турган сотко чейинки комиссия бар. Жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү мыйзам өзү дагы бардык мыйзам бузууларды жөнгө салып турат.
Ал эми фейктер, ага байланышкан мыйзамдын чыгышы социалдык тармактардын жайылышына байланыштуу болуп атпайбы. Ар кими өзү каалаган жан-жаныбар, гүлдүн атын коюп алып, каалаганын жазып атат дегендей. Бул кайдан пайда болду? Тереңден караш керек. Фейк фабрикаларды кимдер түзүп атат? Алар качан жана кимдердин кызыкчылыгы үчүн жана кимдерге каршы иштеп атат?
Бул жерде жалаң эле бийликтин кызыкчылыгы чыгып атат. Мисалы, тикмечиге же таксистке фейктин эмне кереги бар? Жалаң саясий өнөктүктөрдүн, шайлоолордун учурунда колунда бийлиги, акчасы бар адамдар фейк фабрикаларды жалдап, фейк маалымат жазып атат.
Сооронбай Жээнбеков колдобогон мыйзамды Жогорку Кеңеш өзүнүн курандай болгон регламентин бузуп туруп кабыл алды. Эми ошол мыйзам бузуу менен кабыл алынып, кол коюлган мыйзам иштейби? Анын үстүнө аткара турган механизми жок. Ар бир мыйзам иштеш үчүн каржы керек. Маалымат майданын жөнгө салган Маданият жана маалымат министрлиги муну ишке ашырганга ресурс жетишсиз деп айтты", - дейт журналист.
Булак: NazarNews.kg