www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Гудермес шаарында вирустан коргонуучу каражаттардын жетишсиздигин айтып чыккан дарыгерлерди иштен алууну талап кылды. Бул тууралуу ал өкмөт жыйынында билдирди.
"Чагымчылдарды бошотуу керек. Бизде баары жетиштүү – жабдуулар, костюмдар, беткаптар, кислород, медикаменттер бар. Биз тескерисинче, башка аймактарга жардам бере алабыз", – деди Кадыров.
Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарда тараган видеолордо коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан дарыгерлер жеке коргонуучу каражаттар жетишпей жатканына нааразы болушкан. Мындан соң оорукананын башкы дарыгери жана нааразы болгон медиктердин бири жумуштан бошотулган.
Булак: NazarNews.org