www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Семетей" обсервациясындагы жарандардын көпчүлүк бөлүгү үй карантинине жөнөтүлөт. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдиришти.

"Семетей" обсервациясындагы кырдаалга байланыштуу, Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды жашаган жери боюнча үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынды. Алардын ичинен жакындар менен байланышкан жактардан аныкталган 43 учурдан улам, 19 жаран медиктердин көзөмөлүндө калтырылат.

 Медицина кызматкерлери аталган обсервацияда 22-майга чейин штаттык тартипте иштешет жана алардын иштөө мөөнөтү бүткөндө башка жаңы топтогулар келет. Обсервацияга жооптуу врач КР ССМдин буйругуна ылайык, 7-июнга чейин иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 7-майда Соль-Илецктен 541 кыргызстандык кайткан. Алгач алардын ичинен 55 кишиден илдет аныкталган болсо, кийин дагы жаңы үч учур катталган.  Бүгүн дагы 43 кишиден коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталган. Илдет жуктургандардын баары Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жана Улуттук фтизиатрия борборуна жаткырылган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости