www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар Исхак Пирматов менен Динара Исаева тарабынан демилгеленген “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Үйбүлө кодексине, Балдар жөнүндө кодексине, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечи депутат Исхак Пирматов мыйзам долбоору жарандык абалдын актыларын каттоону оптималдаштыруу үчүн иштелип чыкканын маалымдады.
Маселен мыйзам долбоору жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан төрөлгөн баланы убагында каттабай коюу көйгөйүн чечет. "Азыр балдардын документи жок же энесинин паспорту калыбына келтирилгичекти төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилбеген учурлар өтө арбын. Бул балдардын ооруканага каттоого турушуна жана тийиштүү дарылоолордон өтүшүнө тоскоолдук жаратып келет. Буга байланыштуу төрөтканадан чыккандыгы анын бардык социалдык жана медициналык кызматтардан пайдалануусуна жетиштүү болорун сунуштап жатабыз" - деди депутат Исхак Пирматов.
Дагы бир өзгөртүү Кыргызстандын жарандарына аты-жөнүн өзгөртүү эркиндигин толук түзүп берүүгө багытталган. "Өз каалоосуна жараша ар ким аты-жөнүнө "-ов" же "уулу", "кызы", "теги" деген терминдерди улай алышы керек. Андан тышкары, жети атасына чейинки ата-бабаларынын ысымын фамилия катары кабыл алуусуна уруксат берүү каралууда" - деди демилгечилери.
Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.
Булак: NazarNews.kg