www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Равшан Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушканын тастыктады. “Жолугушууда парламентаризмди өнүктүрүү, партиялык саткынчылык, оппозиция, жарандык коомдун маселелерин, сөз эркиндигин, тышкы саясатты, өлкөдөгү саясий абалды талкууладык. Ошондой эле, жалпы саясий абалдын курч экенин, кризиске баратканыбызды сүйлөштүк”, - деп билдирди Равшан Жээнбеков. Ал эми гезитте белгиленгендей, премьер-министрлик орун тууралуу сөз болбогонун айткан саясатчы “Кыргызстанда премьер-министрликти президент гана сунуштай алат” деди.

“Азия Ньюс” гезитинин бүгүнкү санында “Равшан Жээнбеков премьер-министр болуу үчүн Атамбаев менен соодалаштыбы?” аттуу макала чыккан. Анда мындай деп жазылган:

“Кечээ Равшан Жээнбековду Алмазбек Атамбаев чакыртып, жолукканы боюнча кеп кетти. Экс-президент жакындан кызматташууну сунуштап, көптөгөн коомдук ишмерлер менен биригип атканын, сансыз акчасы, күчтүүтелеканалдары, курч адистери жана политтехнологдору бар экенин жашырбастан, келечекке карай ишенимдүү кадам таштоо менен өлкө саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүну айттыбы?

Ал эми «мен оппозициянын лидеримин» деген Равшан мырза ар кандай комбинацияларга даяр экенин божурап, негизги максат катары өзүн премьер-министрдин креслосунан көрөрүн баса белгилегени ыраспы?

Аягында Атамбаев көп нерсени убада кылып, Жээнбековду тез-тез жолугушуп турууга чакырдыбы? Кыскасы, экс-президент менен алдыда дагы бир топ сая-сатчылар жолугушууга даярданып жатышканын эшиттик”.

Равшан Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аны эң көп сындаган, ал кездеги Кыргызстандын Орусияга ыктаган бир жактуу тышкы саясатын жактырбаган саясатчылардын бири болчу. Ал Кыргызстанда АКШнын саясатын ачык колдогон батышчыл саясатчы катары белгилүү. Ал эми Алмазбек Атамбаев болсо алты жылдык башкаруусунда АКШга кайра-кайра акаарат айткан, Орусиянын саясатын кыйшаюусуз аткарган ажо катары эсте калды.

Буга чейин ММКларда экс-президент Алмазбек Атамбаев таасирдуү саясатчыларды кызматташууга чакырып, азыркы бийликке каршы бириктирүүгө аракеттенип жатканы тууралуу маалыматтар таркаган. Алардын катарында экс-спикерлер, экс-премьер-министрлер, депутаттар жана башка чоң кызматтарда жүргөн саясатчылар бар экендиги айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости