www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланышуу айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага чыгарылбай турган болду.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей, УКМКнын Сатыбалдиевди ооруканага жаткыруудан баш тарткан жообу 12-сентябрда келди.

Атайын кызмат мындай чечимге Сатыбалдиевдин ооруканага жатышына кажет жок деген өздөрүнүн дарыгерлеринин бүтүмүн негиз келтирген. Камактагы саясатчы тынымсыз медициналык көзөмөлдө экени, аны стационарга которуу зарылдыгы жоктугу айтылган.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор буга чейин кардиолог-дарыгер "Сатыбалдиев жүрөк оорусуна байланыштуу дарыланууга тийиш" деген сунуштама бергенин билдирген.

Экс-премьердин жакындарынын арызы, дарыгердин сунушу тууралуу адвокаттын корутундусу УКМКга жиберилген.

Августтун аягында Акыйкатчы институту да Сатыбалдиевдин жүрөгүн текшерүү керектигин айтып, атайын кызматка кат жолдогон.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, тергөөнү УКМК жүргүзгөн.

ЖЭБдеги авария жана модернизациялоодогу коррупция боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, быйыл марттан бери мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тей киши камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости