www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Равшан байке, жыйын өткөрүп, саясый куугунтуктун негизинде камакка алынгандарды бошотууну талап кылыпсыңар. Аныңардан президент жыйынтык чыгарабы?
-Жыйынтык чыгарат деген кепилдик жок. Бирок ошентсе дагы Атамбаевдин убагында биздин көз карашыбыз боюнча мыйзамсыз, адилетсиз соттолгон саясатчыларга президенттин көңүлүн бурдуруунун аракетин көрүп, кандайдыр бир сигналдарды берип, алардын ишин каратуу боюнча аракет жасап жатабыз. Президент жактан кандай чечим болоорун билбейбиз. Алар боюнча кандай чечим кабыл алаарын президент өзү билет.
-Равшан мырза, бүгүн коомчулуктун көңүл борборуна мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси карала баштады. Чындап эле кол тийбестик алынсын деп тиешелүү кол чогултулса, аны каалагандар көп болсо жоопко тартылышы мүмкүнбү?
-Азыркы күндө Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси аябагандай оор. Анткени, мыйзамдар боюнча президенттерге абсолюттук кол тийбестик мүмкүнчүлүк берилген. Бул нерсе өзгөчө авторитардык мамлекеттердин президенттерине гана таандык. Президенттер өздөрү бийликте турганда конституцияга, мыйзамдарга өзгөртүү киргизип алып, ошону менен өздөрүн коргоого аракет кылышат. Бирок, ал мыйзамдар алар кызматтан кеткенден кийин көпкө чейин иштебей калат. Ага Аскар Акаевдин жана Бакиевдин кол тийбестигин иштебей калганы далил боло алат. Дүйнөдө абсолюттук кол тийбестикти киргизип алган мамлекеттердин катарын Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан толуктайт. Кызыгы, африканын артта калган мамлекетеринде дагы абсалюттук кол тийбестик жок. Азыр Атамбаевдин абсалюттук кол тийбестик статусу бар. Бирок, коомчулук саясый учур талап кыла турган болсо, көпчүлүк аны алып салууну кааласа ишке ашып кетиши да ыктымал. Ал үчүн өзгөчө президент Сооронбай Жээнбеков жана саясый элита кийлигишиши керек. Абал оорлоп, коомчулуктун, саясатчылардын пикири кескин түрдө өзгөрө турган болсо, анын кол тийбестигин алуу маселеси оңой эле ишке ашып кетиши мүмкүн.
-ТЭЦтеги коррупцияныфн түйүнү чечиле баштады. Анын запкысы Кулматовго да тийдиби? Ал да ТВЕАнын иши боюнча кызматтан кетүүгө арагсыз болду го?
-Адатта авторитардык мамлекеттерде кридит алгандары да, кредит бергендери да аябагандай коррупциялашкан. Дүйнөлүк изилдөөлөр боюнча кыргызстан да, кытай да аябагандай коррупциялашкан мамлекеттер. Кыргызстан алган эки тараптуу кредитте кандайдыр бир коррупциянын элементтери бар десек болот. Ошондуктан кытайдан келген кредитти пайдалануу чоң пикир жараткан маселе болуп калды. Бул кредитке бардык мамлекеттик институттар, мамлекеттик кызматчылардын аралашканы эле аны алууга ким биринчи кызыкдар экенин айгинелейт. Ошон үчүн мурдагы бийликтин учурунда кызматтан кызматка секирик жасагандарга өзгөчө көңүл бурулууда.
-Сапар Исаков саясый куугунтук башталды деген коңгуроону кагып жатат. Сооронбай Жээнбеков да өч алуу саясатынан өйдө боло албай калбайбы?
-Кандайдыр бир деңгээлде саясый куугунтук бар десек адлилеттүү болот. Анткени, ТВЕАдан алган кредитке жана ТЭЦ маселеси боюнча жалгыз Сапар Исаков эмес, бардык премьер-министрлер аралашканын көрүп жатабыз. Бирок, ошонун ичинен Сапар Исаков суракка чакырылып, жоопко тартуу аракети башталганы саясый куугунтуктун мотиви бар экенин айгинелейт. Экинчи жагынан Атамбаев да, Исаков да мамлекетке сот реформасын жана укук коргоо органдарына реформа жасадык дешчү. Ошондой эле мамлекеттеги кылмыштарга жөнөкөй адамдар менен кызматкерлердин да жоопкерчилиги бирдей деп айтып келчү. Атамбаев менен Исаков бүгүн өздөрү түзгөн саясый куугунтукка, адам укугун бузууга ылайыкташкан системага өздөрү жем болуп, ошол системага өздөрү кор болуп жатышканын баардыгыбыз көрүп жатабыз.
-Эми Сапар Исаков камалабы?
-Эгерде Сапар Исаков саясый активдүүлүгүн улантса, азыркы бийликтеги адамдарды адилеттүү жана адилетсиз эле кредит маселесине тарта турган болсо, ал жакынкы убактарда камакка алынышы мүмкүн. Эгерде ушул маселелер улана турган болсо Атамбаевдин абсалюттук кол тийбестиги алынып, түрмөгө отургузулат. Атамбаевге бир эле ТЭЦтеги коррупция эмес, башка дагы дооматтар коюлат. Маселен, датка кемин. Манас аэропортунда кулаган учак, курган үйлөрү жана президент мезгилинде топтогон байлыктары , Батукаевди чыгарып жибергени кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору болуп чыга келет.
-Исаков таза иштеп, Атамбаев коррупциялык схемаларды иштетпегенин айтты. Анын айтканына ишене турган болсок, анда Кыргызстанды сазга батырып жаткан коррупциялык схемаларды ким жасап жүргөн?
-Кыргызстанда бардык маселени президент чечет. Албетте, премьер-министр, министрлер да аралашышы мүмкүн. Бирок, негизги экономикалык, саясый маселени президент чечет. Кыргызстанда президент кызматта турганда ал системага аралашкандар коркот же кошомат кылып эч нерсени айтпайт. Президент качан гана кызматтан кеткенде сындап чыгышат. Атамбаев кызматтан кетери менен ким коррупционер экени ачыкка чыга баштады. Сапар Исаковдун Атамбаев таза иштеген, коррупцияга аралашкан эмес дегени суу кечпеген нерсе. Анткени, президент коррупциянын туу чокусу болгон.
-Равшан байке, ТВЕА деген компаниянын чакыруусу менен бир эмес, эки жолу депутаттар атайын делегация болуп барышкан экен. Ал компаниянын сыйын көрүп келген депутаттарда моралдык жоопкерчиликке тартыш керекпи?
-Албетте, депутаттардын кредит алууда моралдык жоопкерчилиги бар. Бирок, ал кредитти мамлекет кандай пайдаланды, ага эмне сатып алганы боюнча ошол тармакты тейлеген мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликти алышы керек.
Туура мен да ал жакка депутаттык делегация менен баргам. Мен суранып кошулган эмесмин. Бийликтин депутаттары өздөрү оппозициялык депутат катары кандай компаниия экенин көрүп кел деп кошушкан. Адатта мени бийликчил депутаттар жаман көрчү. Бирок, ошол мезгилде өздөрү сунуш кылып кошушкан. Алар менен бирге ТВЕАнын өндүрүшүн, кеңсесин, мүмкүнчүлүктөрүн көрүп келгенбиз. Барып келгенден кийин мен каршы добуш бердим. Азыр чоң сүйлөп каршы чыгып жаткан депутаттардын көпчүлүгү ошол убакта колдогон добуш беришкен.
-ТВЕА алдамчылык иштер менен алектенгендей таасир калтырды беле?
-Мен антип айта албайм. Анткени ТВЕА депутаттардын жол кирелерин төлөп алып барып келишкен. Себеби бюджетте ага бөлүнгөн мамлекеттин акчасы жок. Ал компаниянын мүмкүнчүлүктөрү жогору, офистери жакшы экенин көрдүк. Бирок, макулдашууну көргөндөн кийин колдоодон баш тарттым. Мен анткен менен барып келген бийликчил депутаттардын баары колдоп берди. Эми алар баатыр болуп сүйлөп жатышат..
-Кулматов да камакка алыгышы мүмкүбү. Ага россия араачыга түшпөйбү7
-Менин көз карашымда Сапар менен Кулматовдун абалы эки башка. Сапар Исаков ачыктан ачык саясатка аралашты. Кредит маселесинде Сооронбай Жээнбековдун, Акылбек Жапаровдун тиешеси бар экенин ачык эле коомго айтып таштады. Алар менен ачык конфликке барды.
Ал эми Кулматов саясатка аралашып, азыркы президентке каршы чыгабы деген суроо турат. Эгер каршы чыкса камалат. Каршы чыкпаса, саясатка аралашпаса укук коргоо органдары тарабынан Кулматовго проблема болбойт.
-Албек Ибраимов да кызматынан кетеби неге ага аяр мамиле болуп жатат?
-Албек Ибраимов да сөзсүз түрдө кызматтан кетет. Анткени, ал Атамбаевдин жакын кадрларынан. Азыр кандайдыр бир маселе үчүн аны чыдап кармап жатышат окшойт. Бирок, аны мезгили келгенде кызматтан кетирет.
-Ачык эшик артында дагы, жабык эшик артында дагы талкуулап жаткан ТЭЦтин жыйынтыгы кандай болот?
-ТЭЦ менен Кумтөр аябагандай окшош маселе. Экөө тең бардык бийлик өкүлдөрү аралашкан оор маселе болуп эсептелет. Кумтөр сыяктуу эле ТВЕАнын да аягына чыкпай калуу мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору. ТВЕАны кыргызстанга алып келген, анын иштешине толугу менен шарт түзүп берген албетте президент Атамбаев болуп эсептелет. Атамбаевди жоопкерчиликке тартылар тартылбасы азырынча белгисиз. Анткени, азыр ошол кездеги президенттин чечимин аткарууга мажбур болгон кишилер гана камакка алынып жатат.
-ТВЕАдан алынган кредиттерди жабыш үчүн бүтүндөй кыргызстан жогорулатылган тарифти төлөшү керекпи? Анткени, Иса Өмүркулов ошентип айтты го?
-Кредитти бүткүл кыргыз эли төлөйт. Анткени, ТВЕА бюджет аркылуу төлөнчү акча. Андан алынган кредиттердин баары өкмөттүн кепилдиги менен алынган. Кыскасы, ТВЕАдан алынган каражат бардык кыргызстандык төлөй турган кредит десем мыйзамдуу да, туура да болот. Келишимди кытай тарап эл аралык орбитражка кайрылуудан ажыратып койгон. Кытай менен гана макулдашып чече турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Андан башка мүмкүнчүлүгүбүз жок.
Булак: "Майдан.кж"