www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу курулуп баштаганда «бирболчу» депутат Кубанычбек Жумалиев демилге көтөргөн, дал ушул жолго Алмазбек Атамбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча.
Кийин «ата- мекенчи» Сайдулла Нышанов лидери Текебаев түрмөдө жатса, кычашкандай кылып, Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын берүүнү оозанып, максатына жарым-жартылай жеткендей болгон.
Дагы бир эл өкүлү, КСДПчы Мурадил Мадеминов болсо, «Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш кылды» деп, тердеп-кургай мактаса жакаңды карманасың, да. А соңку убакта АШАдан оомат тайын, келечекти ойлогондор андан жаа бою качып калышканы ачык байкалды го.
Кызыгы, береги «кошоматка кой сойгондой» үч депутаттын үнү учурда басаңдай түшкөнүн карагыла! Жарыктык кишилер ай - Жумалиев, Нышанов, Мадеминов! Үчөө эми бурчтан буйтап кетишпей эле аягына чейин Атамбаевге жагымпоздук кылышса, эл да «туруктуу кошоматчылар экен» дегендей кылышып, этектерин серпе туруп кетимшмекпи?...
Булак: АЗИЯньюс