www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан Жээнбеков кайра камалды

Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. Бүгүн, 5-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында Кой-Ташта камалган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Андан соң президенттик шайлоодо талапкер болгон.

Соттун бүгүнкү чечимин ал оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости