www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жээнбеков, реформа жана анын кичинекей командасы жөнүндө.

Кечээ көп ФБ колдонуучулар суранды эле, кененирээк жазсаңыз деп,ошол себептен байкаган нерселеримди жазып коюну туура көрдүм.

Пунктуалдуу

Кечээ, 19-июлда президент менен жарандык сектордун жолугушуусу саат 10.00.гө белгиленген. Президент туура саат 10.00.дө келди. 10.00.дө иш башталды. Саат 14:00.дө ишти бүтүрөлү деп президент сунуш кылып, баары колдошкон. Иш туптуура саат 14:00.дө бүттү. Өзүн-өзү сыйлаган, улуу кичүү, жөнөкөй адам же президент болобу убагында келүү, өзгөчө президенттер үчүн жакшы сапат. Ал эми жолугушуунун алып баруучусу катарында бардык адамдарга сөз берип, негизги теманы талкуулап, жооп берип, так убагында бүтүрүү бул убакытты туура пайдалана билүү. Президенттин бул мыкты сапаты бир жолку гана жолугууда билинди.

Жөнөкөй

Жолугушууну мен каалагандай алып бара берейин президент эмесминби деп отура калып баштап жиберген жок. Кандай кылып алып барсак, мен жооп берейинби суроолорго, аягында сүйлөйүнбү же 5 киши сүйлөп бүткөн соң оюмду айтып турайынбы, мен көп сүйлөп атат окшойм, баарыңарга убакыт жетсин, кыскараак сүйлөйүн деп катышуучулар менен кеңешкени көпчүлүккө жакканын байкадым. Мага да жакты. Мурда көп жыл депутат болуп, депутаттардын маселени добушка коюу, көпчүлүк менен кеңешүү тажрыйбасы сиңип калса керек. Жолугуу учурунда көп суроолор, сунуштар жана комментарийлер болду. Президенттин билгенин билем, билбегенин билбейт экем, кат менен жооп берели, чече албаган маселелрин, мен чече албайм бул маселени дегени реалдуулука жакын экенин көргөздү. Жөнөкөйлүк кыргыз президенти үчүн менин көз карашымча, керектуу сапаттардын бири.

Сабырдуу

Жолугуунун учурунда, менин көз карашымча эки катуу, кандайдыр бир денгээлде ачуу сөздор айтылды. Нурбек Токтакунов президенттин кайрадан монстрга айланып, укук коргоо органдары, мурдагыдай эле, анын гана көзүн карап калганын, ал эми Токтайым эже президентке 10-15 тей поручение берип, кээ бир мамлекеттик кызматчыларды кызматтан алуусун, кээ бир чечимдерди жокко чыгарышын, кээ биз чечимдерди кабыл алышын бир аз орой деңгээлде талап кылды. Президенттин өңүнөн бир аз териккенин көрдүм бирок билгизбей, күлүп, катуу сөздөрдү көтөрүп, алар менен дагы чогуу иштешүүгө макул экенин билдирди. Акырында Нурбеке дагы, Токтайым эжеге дагы көңүл бөлүп, дагы бир нерселерди сүйлөшүп жаткандарын байкадым. Сабырдуулук президент үчүн эң керек сапат.

Реформа

Жолугушууга барган 40 адамдын 30у сот жана укуктук маселелерге тиешелуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Энелердин, аялдардын, балдардын, адамдын укуктарынын бузулушу, экологиялык мыйзамдардын сакталбай атканы, сөз, саясий эркиндиктерге болгон басым, соттордун, укук корго органдарынын чектен чыгып кеткендиктери. Президент соттук жана укуктук реформаларды баштаарын, аягына чыгараарын убада берди. Мен, болгону реформа бул бир эле мыйзам кабыл алуу эмес, реформанын маданий, структуралык, эл аралык, каражат, кадрдык багыттары бирдей жасалбаса, ал реформа болбой, ишке ашпай калаарын айттым. Ушул багыттарга көңүл бурууну сурандым.

Сөзүмдүн акырында, презизиденттин кичинекей командасы жөнүндө. Досаалы – администрация жетекчисинин орун басары, Толгонай – пресс катчысы, Данияр – тышкы саясат бөлүм башчысы, Эрнст – президенттин жардамчысы баарыбызга өздөрүнүн, коммуникациялуулугу, ачыктыгы жана жөнөкөйлүгү менен жакшы элес калтырышты.

Кыскасы, президент Сооронбай Жээнбековдо экс-президент Атамбаевдей көпкөндүк, жалганчылык, анан да сүйлөп жаткан адамды баса калмай адаттар жок экен.

Равшан Жээнбеков, экс-депутат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости