www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Арашан айылында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Комитеттин демилгечилери "Азаттык" радиосуна билдиришкенине караганда, ага айыл аксакалдарынан 10 адам кирди.

20-июлда эртең менен Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Албек Ибраимовдун тарапкерлери жыйын куруп, жалпысынан 50 чакты адам чогулду.

Алар Ибраимов негизсиз камалганын айтышты. Ошону менен катар УКМК кызматкерлери Ибраимовду кармап кетип жатканда анын күзөтчүлөрүн сабап, үйүндөгү видеокөзөмөл тасмаларын алып кеткенин белгилешти.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган.

УКМК Албек Ибраимовду колго түшүрүү маалында анын күзөтчүлөрү жабыркаганы тууралуу айыптоолорго азырынча жооп бере элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости