www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атым Сейде. Мени 21 жашымда айылга ала качып кетти. Ата энемдин барган жериңде отур деген сөздөрүнөн кийин калып калдым.

Өзүм шаар жеринде чоңойгондуктан айыл турмушуна көнүү оңойго турган жок. Убакыт дарылайт дегендей эле баарына көндүм, таң эрте туруп уй саамай менин мойнумда болду. Күйөөм бул үй бүлөнүн жалгыз уулу болгондуктан мен дагы жалгыз келин элем. Бир жылдан кийин кыздуу болдук. Кесарева жолу менен төрөдүм. ден соолугума байланыштуу доктурлар менин мындан кийин төрөй албашымды айтышты.

Кызым 2 жашка чыккан соң шаарга көчүп келдик. Бир күнү кайын энем бөлмөсүнө чакырып алып «Сени түшүнөм, сага да оңой болбойт,сен кыз төрөдүн, менин уулума эркек бала керек, урпак калтырыш керек, ошон үчүн балама токол алып берем» деди. Ошол убакта жүрөгүм айрылып кетейин деди. Түн бою апамдын сөздөрүн электен өткөрүп чыктым, ойлосом айткан сөздөрүндө чындык бардай.

Эртеси апама макулдугумду айттым. Апам жолдошума айтты, биринчи каршы болуп жаткан, кийин апам аны да көндүрдү. ошентип бир айдан кийин жолдошум токолун алып келди, жап жаш, өңдүү түстүү келин экен. Кантсе дагы аялмын да, ичим күйүп, жолдошумду аябай кызганып жүрдүм.

Токол менен башында мамилебиз жакшы болду. Кийин ал уул бала төрөп берди. кайын журтум кубанганынан чоң той беришти. Баарынын көңүлү аларга бурулуп, кызым экөөбүзгө эч ким маани бербей калышты. Ошондон кийин токол дагы өзүмчүл боло баштады. Мен жумушка кеткенде кызымды уруп , урушуп коёт экен. кайын энем дагы башка туугандарынын баласын багууга кеткен эле. Мен жолдошума болгон окуяны айтып бердим. Бирок жолдошум иш сапары менен башка шаарларга көп кетип тургандыктан үйдөгү абалдын баары менен кабардар эмес эле.

Токол жазаган иши үчүн жазасын алса дагы, жолдошум экөөбүздүн ортобузга чок салганын койбоду. Себеби жолдошум ага караганда мени көбүрөөк сүйчү, ал ошону көралбайт албайт эле. Убакыт өткөн сайын анын кылыктары чектен чыга баштады. Жолдошума кызым экөөбүз бөлөк жашай турганымды, анткени токол менен күнүгө уруш болуп, кызыма терс таасирин берип жатат деп бөлүнүп кеттик. Ошондон баштап кызым өзгөрдү, мурункудай ойноп күлүп, көңүлү ачыла баштады.

Дем алыш күндөрүн жолдошум бизге арнайт. Үй, машина бардыгын алперди. Бардыгына Кудайга шүгүр дейм.

Азыр 39 жаштамын, кызым 16га чыгат. Астанада жашайбыз. Жолдошум токолунан 2 уул, 1 кыздуу болду. Кызым туугандары менен жакшы катышат, бирок токол менин кызымды унутпады. Жолдошум менен кызымдын ортосуна чок салды. Жакшылыкты түшүнбөгөн токолго катуу жиним келди. Жолдошум негизи мени менен турам дегенинен, балдарың атасы менен чогуу өссүн деп токолу менен жашоого көндүргөн элем.

Ал жакшылыкты түшүнгөн жок. Анын айынан кызым жолдошумдан, жана анын балдарынан алыстап бара жатат. Эми кызым туугандары менен мамилеси жоктугуна капаланып жүрөт. Кантип элдештирсем экен. кызым капа болсо менин дагы жүрөгүм ооруйт.

Булак: "Айымдар кж"

Последние новости