www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунун Арашан айылынын жашоочулары Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовду кантип кармап кетишкендигин айтып беришти. УКМКнын спецназы жана кызматкерлери Арашан айылына саат 13:00 чамасында келишкен. Албек Ибраимовдун үйү айылдын четинде жайгашкан. Күбөлөрдүн айтымында, алгач айылдын аймагында байланыш түйүнү жоголду жана Ибраимовдун үйүнүн күзөтчүлөрү дагы рациялар иштебей жаткандыгын айтышты. Бул убакта спецназ үйдүн аймагына кирип, күзөтчүлөрдү нейтралдаштырган. Андан кийин алар Ибраимовду үйдөн чыгарып, унаага отургузуп, Бишкек шаарына алып келишкен. Үйдүн короосундагы чарбалык кызматкер кармоо иштери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, спецназ келгенде саат 12:30 болчу. Алар дарбазаны бузуп, үйгө бет алышты. Терезе менен эшиктерди талкалап, үйгө киришти. «Беткапчан жана тапанча, автоматтар менен 30га жакын адам келди. Баарыбызды жерге жаткырышты. Мен Ибраимовду кандай жагдайда алып кетишкенин көргөн жокмун. Анын жанындагы кээ бир адамдарды дагы алып кетишти», - деди ал. Дагы башка күбөнүн айтымында, 3 күзөтчүнү сабап салышкан, алар ар кандай жараат алышкан. Эртең менен 3 тургунду ооруканага жиберишкен. Мындан тышкары, башка жашоочулар билдиришкендей, кээ бирлеринин телефондорун тартып алышкан жана алар тарткан видеолорду өчүрүп салышкан. 19-июлда Албек Ибраимовдун тарапташтары Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун имаратына келишкен. Анда экс-мэрдин баш коргоо чарасы каралып жаткан. 20-июлда Арашан айылынын тургундары жыйын өткөрүп, Албек Ибраимовдун кармалышын талкуулашты. Айылдаштары А.Ибраимовду колдоо боюнча комитет түзүшкөн. Чогулгандар А.Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө көмөктөшүү боюнча Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жөнөтүшмөкчү.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости