www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раззаков кызматынан кандай алынган?

...Пленумду Кыргызстан КП БКсынын идеология боюнча секретары Абдукайыр Казакбаев ачып, докладды жасаган. Докладында Раззаковду баштан аягына дейре жоктон барды, бардан жокту жаратын жамандаган. Президиумда отурган Раззаков мурункусундай эле, туурунда отурган тоту куштай бир кунунда, бир сынында отурган дешет.

“Эмне үчүн мүңкүрөп калбайт, эмне үчүн шылкыйып калбайт?” деп Титов туталанып, ичинен жинденгени сыртына чыгып, билинип турганын көзү тирүүлөр эмгиче эскерип жүрүшөт.

Доклад болгондон кийин Раззаков сөз алган. Сөзүндө ал жер сабап актанбаптыр, жалаа-сынга чычалабаптыр. Кайра күнөөсүз күнөөлүү болуп, тообасына жанып сүйлөптүр, кайран киши. Анын сөзүнөн кийин жарыш сөз башталган.

Көп жылдар бою Раззаков Өзбекстанда жашап, иштеп жүрүп, алты манжалуу кыкең өз алына карабай чоң болууну өтө самаарын, чоң болуп алса, кыргыз адамына кыргыйдай тийип, орус адамына күчүктөй шыйпаңдап, намысы жок, арзан баа, түркөй келээрин учурунда жакшы билбептир. Кечээ эле өзү жөлөп-таяган кадрлары жарыш сөздө аны туш-туштан сындап, төө бастыга алышкан. Кимдер алар?....

....Пленумда Балтагулов, Иманалиев, Сүйөркулов, Абдыгулов, Жумабаев, Тургунов, Рыспаев, Кулатов ж.б. чыгып сүйлөгөн. Кыргыздын дымагы бөксөө, мышмыйган саясатчыларынын бирөө да “Раззаков мындай.. жакшы жактары бар эле” деп айтып чыга алган эмес. Айрыкча, Кулатов аны сындап атканда, Президиумда отурган Раззаков токтоно албай кетип: “Товарищ Кулатов...это вы или не вы?” деп ийген экен, кайран киши. Өлөйүн десе жер катуу, өлбөйүн десе муш катуу болуп турган учурда сөз трибунасына бир орус адамы чыккан. Бул Тянь-Шань обкомунун экинчи секретары Усьянов Андрей деген киши эле. Көкүрөгүнөн көк түтүн чыкчудай буулугуп:

-Жолдоштор…Жолдоштор коммунисттер… Эгер чындап сындаша келсек, баарыбыз эле сындан тышкары эмеспиз. Болуптур… Раззаков баарына күнөөлүү экен, жаман экен… бирок, анын жакшы жагы да бар да? Толуп атат да? Эмне үчүн аны айтпайбыз? Айткылачы эмне үчүн?!-дегенде, залдагы күбүр-шыбыр дароо токтоп, отургандар орду-ордуна жым болуп калган экен.

Усьянов сөзүн улайт:

-Жолдоштор, кызмат деген келет, кетет. Өмүр деген өтөт кетет...Бирок, эл калат да, тарых калат да? Кимдин ким экенин ошондо биз эмес, мезгил өзү иргеп алып, өз ордуна коет да?! Көзү ачык эмесмин, бирок, көрүп турам... Раззаковду сындап аткан биздин сайда саныбыз калат, ал эми биз сындап аткан Раззаков тарыхта калат! Ишенип койгула!

Ошондо отургандар дуу кол чаап иет .

Усьянов:

-Раззаковду азыр баарыңар төө басты кылып атасыңар! Өз элиме, өз жериме баратам деп, Өзбекстандан быякка сүйүнүп келди эле го Раззаков?! Элим-жерим деп, күнү-түнү ат жалынан түшпөй иштеп берди эле го Раззаков?! А силердин кылганыңар ушулбу? Албетте, андан кемчилик кеткен, а кимден кетпейт?! Ошого карабай, жолдош Раззаков жакшы адам, жакшы жетекчи, жакшы жолдош...баарынан да эң мыкты интернационалист!....

Президиумда төрагалык кылып отурган Титов окторула баш көтөрөт:

-Жолдош Усьянов... биз сени..Раззаковго адвокат болуп бергин деп чакырган эмеспиз буерге! Сен эмне...КПСС БКнын чечимине каршысыңбы?! Сүйлөсөң акылың менен сүйлө, анте албайсыңбы, түш азыр трибунадан!

Усьянов саал алдастай түшөт, бирок өзүн колго алып, кафедраны бекем кулачтай берип:

-Сен мага сенсиребе!-дейт. Сен мени трибунадан айдаба! Антүүгө акың жок!

Титов үстөлдү бир муштачыдай үрпөйөт: Сенсиремек түгүл, сени азыр... Сендей демагогду мен азыр... Түш деп атам трибунадан!...

Өлбөгөн гана жерде калайын дедиби. Усьянов лап эте от алат.

-Эй кыйшык көз!(Титовдун бир көзү жасалма болгон) Сенден мен коркпоймун!...Көнгөн экенсиң коркутуп!...

Отургандардын оозу ачылып, бир эсе Усьяновдун бу эрдигине таң калышса, бир эсе, ыя кокуй, эми эмне болот деп, көргөн көздөрүнө, уккан кулактарына ишенбей, тунжурап отуруп калышат.

Усьянов ого бетер күчөйт.

-Уктуңбу?! Коркпоймун!... Мун мурунку шахтермун!..Көп болсо секретарлыгыңды аларсың, бирок шахтерлугумду ала албайсың. Титов түтөп кетет ошондо.

-Түш деп атам трибунадан!..

-Сен мени айдаба, уктуңбу?!Укпасаң дагы да угуп ал!... Раззаковдой жетекчи дайыма эле төрөлүп, дайыма эле эл башына келе бербейт!...А силер ушундай адамды жөн жеринен жамандап жөн жеринен кызматтан алып атасыңар!...Ушинтет да түшүп кетет.

Раззаков кайрадан сөз алат. Адаттагыдай эле отургандарды өзүнө дароо оп тартып, сөз мааниси эленип, тереңдеген сайын, күүлөнүп уччу кыргыйдай алдыга умтула берет, көздөрү жайнап чыга келет. Төрт күндөн бери сындалып, тебеленип-тепселип атса да, бир муңайып койбой, сөз арасына таамай тамашасынан утуру кыстара коюп, сүйлөп атканына отургандар дээлиге ээлигип, а кээлери: “О, кайра эр, төк” дегендей көздөрүнө жаш ала дуулдата кол чаап ийишет, буга Титов кайрадан чарт жарылат.

-Жолдош делегаттар!..Биз Раззаковду кызматтан алып атсак аны кызматка коюп аткансып кол чаап атканыңар эмне? Бу эмне деген тартипсиздик ыя?! Безобразия десе!...

Сөзүн мындайча аяктайт Раззаков:

-За шестнадцать лет работы многие привыкли ко мне, я тоже привык ко многим, видимо притупились партийное чутье, прошу товарищи освободить с поста первого секретаря ЦК КП Киргизии!...

***

Машинесин Баш-Бөлтөктүн тээ өтөгүнө таштап коюп, шибери төшөлгөн көк майсаңга жалгыз келип токтоду. Бул Раззаков эле. Усьяновдун сөзү эсине түшүп, анын сөзүнө эреркеп кеттиби көкүрөк тепкен көз жаш кирпик аралап чыга келип, көк чөкпө көмкөрөсүнөн сулап, жер кучактап, энесине эркелегендей Жерди өпкүлөй сыздаган экен, кайран киши.

Кагылайын тууган Жер!... Кичинемден жетим калып, бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, акыры өз энемди тапканымдай сени тапкандай, өзүңдү таап келген элем, о кагылайын! Акылымдын болушунча, алымдын жетишинче, колумдан келишинче ак эмгегимди аябадым өзүңдөн! Сууңду ичип, наныңды жеп, балыңды татып жүрүп, эгер эле чекилик кетирип, күнөө кылсам кечир! Кечир кагылайын Жерим! Айла жок... өзүңдөн айрылып, алыска кетип атам. Тирүү болсом, кайра өзүңө кайрылып келээрмин, өлүп калсам кара Жер менин тууганым! Кош!...

Көчкөн Сактанов (тарыхый очерк)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости