www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Мады айылынын тургундары ошол айылга жакын жайгашкан эшек фирманын жабылышын талап кылышууда. Себеби эшектин эти Кытайга эмес Кыргызстандагы эле кафелерге кетиши мүмкүн деген шек менен фирманы жапсын деп нааразы болушууда.

” Биз 2-3 жылдан бери эле айтып келе жатабыз. Укпай келишет. Кыргызстандан сойбойбуз, Кытайга кетет тирүүлөй. Бирок бул туура эмес деп ойлойм. Кыргызстандагы эле кафе, ашканаларга деле эти кетиши  мүмкүн.” -дейт Мады айылынын тургуну.

Ал эми эшек фирманын жумушчусу Шамбет мырза бул коюлган күнөөлөрдү негизсиз деп тааныйт.

” Биздики бул жерде баары расмий, таза. Бардык багылган эшектер Кытайга кетет. Бул  жактан союлат экен же эти Кыргызстанда эти сатылат экен деген маалыматтар жалган”,-  дейт Шамбет мырза.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости