www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагынын "Поле-Чудес" конушунда өгөй атасы алты жаштагы баласын сабап салган. Баланы сабаган киши тууралуу маалыматты Facebook колдонуучусу Индира Алымбаева билдирди.

"Баланын апасы кечинде сыртта жүргөн, уулунун кыйкырганын угуа, чуркап кирсе, мас күйөөсү баланын үстүнө отуруп алып аны сабап жатыптыр. Ал күйөөсүн түртүп, баласын алып чыгып кеткен. Андан соң "102" кызматын чакырган, бирок алар окуя болгон жерге келген эмес. Эртеси күнү балдар ооруканасына  алып барганда гана ал жердеги кызматкерлер милицияга кабар берип чакырышкан. Дарыгерлердин айтымында, баланын баш мээси чайкалган жана денесинде көптөгөн гемотомалар бар. Ал өзүнчө палатага жаткырылган. Жабырлануучунун апасынын 9 айлык боюнда болгон, алда учурда ооруканага жаткырылган.

Баланын өгөй атасы 1987-жылы туурлган Бейтемиров Азамат Кудайбергенович, жактоочу, анын таасирдүү тааныштары көп", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости