www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 17-апрелде тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, «Red Petroleum» май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Маматов Акылбек Абдимуктаровичтин бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошотулду.
Белгилей кетсек, Маматов Кылмыш-Жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү) боюнча шектелип, 15-апрелде 21-тергөө абагына камакка алынган.
Акылбек Маматов Жогорку Кенештин 5-жана 6-чакырылыштарынын экс-депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу.