www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Реформа” партиясы БШКнын шайлоо күрөөсүн кайтаруу боюнча чечимин күтүп жатат. Бул тууралуу саясий уюмдун лидери Клара Сооронкулова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, эгер Борбордук шайлоо комиссиясы 5 миллион сомду кайтарбаса, анда партия сотко кайрылат.

“Борбордук шайлоо комиссиясы эмнеге убакытты созуп жатканы түшүнүксүз. Шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Алар өтпөгөндүктөн, тараптар күрөөнү кайтарып бериши керек. Ал эми Жогорку Кеңештен атайын чечмелөөнүн кажети жок. Баса, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 28-октябрда аяктаган. Кийинки жумада, менин билишимче, БШК маселени чечиши керек. Эгерде күрөөнү жарым-жартылай кайтаруу же баш тартуу боюнча чечим чыкса, анда биз сотко кайрылабыз”, – деди Клара Сооронкулова.

Буга чейин “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары БШКны сотко берүү ниетин билдиришкен. Парламенттик шайлоого катышкан “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекенчил” жана башка саясий бирикмелер күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылышууда. БШК шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда, күрөөнү кайтарып берүү боюнча мыйзамда маалымат аныкталбагандыгын билдирет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости