www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиционерлер, мэрия менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттигинин кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден кабарлады.

Маалыматка ылайык, көңүл ачуучу жайлар, интернет-клубдар, ресторан жана кафелер текшерилген. Азырынча интернет-клубдардын ишине тыюу салынганы менен жашыруун иштеп жаткандары табылган.

"Ондон ашык мекемеде санитардык нормалар сакталбай жатканы аныкталды. Ошондой эле кээ бир кафе, ресторандар 50дөн ашык киши кабыл албоо эрежесин бузушкан", — дешти милициядан.

Мындан сырткары, коомдук транспорттун айдоочуларынан алты эреже бузуу фактысы катталган. Алар унаанын салонуна ашыгы менен эл салып, анысы аз келгенсип жүргүнчүлөрү бет капсыз болушкан.

Катталган фактылардын бардыгы сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости