www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда COVID-19дун экинчи толкуну болуп, дарыгерлер жетишпей калса медициналык тармакта билим алып жаткан жогорку курстардын студенттери менен ординаторлор ишке тартылышы ыктымал. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова ЖМКларга билдирди.

Анын айтымында, Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын макулдугу менен министрликтин тиешелүү буйругу чыккан.

Эске салсак, буга чейин парламент депутаты Дастан Бекешев Саламаттык сактоо министрлиги медициналык факультеттердин студенттери менен ординаторлорунун жеке маалыматтарын тез арада берүүнү талап кылып жатканын "Твиттердеги" баракчасына жазган. Алардын персоналдык идентификациялык номерин (пин) да сурап жатканын айтып, муну мыйзамсыз деп сыпаттаган.

Министрликтин Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова студенттер менен ординаторлор медкызматкерлер жетишпеген учурда гана ишке тартыларын, ар кандай күтүлбөгөн кырдаалга даяр туруу үчүн аларды окутуу тууралуу чечим кабыл алынганын айтты. Дарыгерлер жана даярдык жетиштүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, мекеменин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун буйругу 22-сентябрда чыккан. Анда Кыргызстандагы медициналык билим берүү жана илим мекемелеринин баары менчик же мамлекеттик экенине карабай, бир күн ичинде 4-5-6-курстардын студенттери менен ординаторлордун тизмесин кадрлар резервине кошуу үчүн бериши керектиги жазылган. Алар өздөрүнүн макулдугу менен коронавируска каршы күрөштө аймактарга бөлүштүрүлүшү мүмкүндүгү белгиленген.

Эске сала кетсек, быйыл июнь-июль айларында коронавирус эпидемиясы күчөгөндө көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, ооруканада орун жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыккан.

Вируска каршы күрөшкө медициналык окуу жайлардын студенттери, ыктыярчылар тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости