www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдик компаниянын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу ишинде Атамбаевдин эң жакын кишилери, анын аппарат жетекчисинин орун басары болуп турган Икрамжан Илмиянов, Атамбаевдин мурдакы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин да аралашканы айтылат.

Алмазбек Атамбаевдин жубайынын бийлик иштерине мыйзамсыз кийлигишүүлөрү жөнүндө мурда кийин эч бир маалымат чыккан эмес эле. Коомчулуктун көзүнө ал салыштырмалуу алганда таза адам болуп көрүнүп, анын дарегине айтылган сын дээрлик жокко эсе эле. Эми булар мурдакы биринчи ледиге карата элдин пикирин жаман жагына өзгөртпөй койбойт өңдүү. Атамбаев президент болгон учурга "үй-бүлөлүк башкаруу" деген жаманатты сөз кошо айтылышы мүмкүн деп жатышат.

Иликтөөдө рейдерлик басып алууну ишке ашырган кылмыштуу топко ошол убактагы президенттик аппараттан активдүү колдоо көрсөтүлүп, бардык инстанциядагы соттордун чечимдери жогорку жактагы органдардын басымы жана кийлигишүү астында болгону, соттук чечимдер үчүн ири суммадагы акчалар жана үйлөр тартууланганы айтылат. Рейдерлик кылмышты колдогон чечимдерди чыгарганы үчүн Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Эльвира Жаркеева кызматынан алынып, камакта өзү сурак берип жаткан убагы.

Ошондой эле президенттин аппараттын мурдакы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин Раиса Атамбаеванын кылмышка шектүү топтордун кызыкчылыгын коргоп, президенттик аппараттын ишине кийлигишкен учурлары жөнүндө көрсөтмө берип жаткан жери бар. Аталган адам кылмышка шектүү катары кармалып, азыр иши тергөөдө экени белгилүү.

Инвесторлордун мүлкүн тартып алууда судьялар ошол убактагы президенттик аппараттын кызматкери Манас Арабаевдин айтканынан чыгышкан эмес. Ал эми ага тапшырманы ким берген. кызыктын баары ушул жерде. Бизге белгилүү Рустам Мамановдун  тобу менен Бектурсун Айталиев табыштырат. Бектурсун Айталиев Раиса Атамбаеванын кудасы, Айталиевдин кайнежесинин баласы. Раиса Атамбаеванын эгизи Рамил Шагиевдин кызына үйлөнгөн. Тергөөнүн материалдарына ылайык, Бектурсун Айталиев Раиса Атамбаева аркылуу Манас Арабаевди "Арзу" кафесине чакыртып, Рустам Маманов жана анын юристи Юрий Куценко менен тааныштырып, андан ары сот кандай чечим чыгарышы керектигин Куценко аркылуу Арабаевге айттырып турат.

Бул иликтөөлөр Алмазбек Атамбаев баштаган бийликке нааразы күчтөр Бишкекте каршылык митинг өткөрөрдүн алдында жарыяланды. Бул иликтөө Ак үйдүн санкциясы менен болуп жатканын эске алганда, бийлик Атамбаевдин өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз иштерин жашырбай, бүт элге ашкере кылууну максат кылгандай. Кеп аны жаманатты кылып, элдин колдоосунан ажыратууда жатат.Атамбаев өзүнө жана жакындарына коюлган айыптоолордун баарын ойдон чыгарылган жалаа деп четке кагууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости