www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдар үчүн жалпы жарандык паспорттор эми кыска убакыттын ичинде бериле баштайт. Паспортту берүү мөөнөтү 18 күндөн 10 күнгө кыскартылды.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, 28-июлда тиешелүү Токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, Токтом 2019-жылдын 5-июлунан баштап күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошентип 16 жашка чейинки балдарга жалпы граждандык паспорттор 10 күндүн ичинде берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости