www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облустук милициясынан алынган маалымат боюнча, кырсык Бактуу-Долоноту айылында катталган. «Lexus» жана «BMW Х7» ​машинелери кагылышып, андан "Lexsus" автоунаасындагы үч киши ажал тапкан.

25 жаштагы Темирлан Токобеков депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу жана «Республика-Ата Журт» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат. Алардан кырсык жана айтылган дооматтар тууралуу комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек. Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым.

Милициянын маалыматында «BMW Х7» Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган "Lexus" менен кагылышканы айтылат. Милиция машинелердин бирин Темирлан Токобеков башкарып баратканы тууралуу маалымат берген жок. Чүй облусунун тургуну рулда болгонун, кырсыкка ким күнөөлүү экени экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болорун билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости