www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс президент Алмазбек Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтууда. ИИМдин Тергөө кызматынын чакыруусуна ылайык, Атамбаев мекемеге бүгүн, 9-июлда эртең менен күбө катары суракка келүүгө тийиш.

ИИМдин Тергөө кызматы “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген. 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. Экс президент жана анын тарапкерлери муну ага жамандоо аракети катары сыпатташкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости