www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ренат Түлөбердиев коррупционерби?

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев тууралуу ар кандай пикирлер бар. Бир тарабы жаш, билимдүү кадр десе, башкалары кызмат абалынан ашкере кыянат пайдаланган, кошоматтын атасын тааныткан, Бакиев кезинде Максимдин короосунда жүргөнүнө карабай, кийин Атамбаевдин ишенген кадрына айланган, бийликтегилердин “керектөөсүн” канааттандыра алган адам катары сыпатташат. Социалдык тармактарда анын кантип кызматтык карьера жасаганы, мал-мүлк топтогону боюнча материал желип-жортуп жүрөт. Материалда Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Ренат Түлөбердиевдин азыркы ордуна кантип келгени баяндалат. Көрсө Ренат мырза бир кездери Ала-Арча резиденциясында официант болуп иштеген экен. Маанисин бузуп албоо үчүн текстке өзгөртүүсүз көз жүгүртүп көрөлү.

“Бир кездери Ала-Арча резиденциясында официант болуп иштеген Ренат Түлөбердиев алгач резиденциянын директору, Түркиядагы башкы консул, президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп турса, кийин мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы болуп иштеп жатат. Резиденцияда официант болуп иштеп турганда резиденцияга сатып алынган товарлар менен кызматтардан кымырып турчу. 2008-жылы уурулугу жана башка кыңыр иштери үчүн кылмыш иши козголгон. Бирок, 7-апрелден кийин ага оңдой берди болуп, баарын Бакиевдин адамдарына шылтай салып суудан кургак чыкты. Анан Атамбаевдин ишенимине кирип, резиденциянын директору болуп алды да баш айланткан карьера жасады. Атамбаев аны “Балашка” дечү. Кийин Балашка дипломат болууну сурады да, Түркияга Атамбаевдин бизнестерин тейлөө үчүн кеткен.

2014-жылы Түркияда жашаган жарандарыбыздын арасында Балашканын ишмердиги кызуу талкууга алынган. Дипломатиялык чөйрөнүн өкүлдөрү официантка карата терс пикирлерин жашырышчу эмес. Кабыл алууларда чет өлкөлөрдүн дипломаттары анын консулдуктун башчылыгына дайындалышына таң калышып, анын президент Атамбаев менен байланышына кызыгышчу. Мындай терс мамиленин себеби – ал кесипкөй эмес жана компетентсиз болчу, чет тилдерин билчү эмес, коомдогу жүрүм-турумунун манерасы менен этикети төмөн жана Түркиянын саясаты менен жетекчилигине карата саясий сабатсыз билдирүүлөргө жол берчү. Балашканын Стамбулга келиши менен кыргыз-түрк мамилеси начарлаган. ТИМдин инструкциялары менен жоболорун, Кыргыз Республикасынын башка укуктук-ченемдик актыларын, жана чет тилдерин билбестигинин айынан жарандарга карата “жагасың-жакпайсың” принциби менен иш алып барчу. Мындай жагдай жана анын кекирейген мамилеси Түркияга жумуш издеп барган жөнөкөй жарандардын нааразылыгын туудурган. Ал түрктөргө турмушка чыккан жарандарга өзүнүн моралдык-адептик баалуулуктарын бир нече жолу орой жана уят түрдө таңуулаганы бар.

Өзүнүн жеке кызыкчылыктарын чечүү үчүн ал бардык жерде Атамбаевге жамынып, аны менен жакын мамилесин колдончу. Атамбаевдин айланасындагылар өздөрүнүн катасын түшүнүшүп, Балашканы тезинен Кыргызстанга кайтарып алышат.

Президенттин Аппаратынын иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кайтып келген соң Коёналиевдин ишараты аркылуу өлкө жетекилигинин керектөөсү үчүн сатып алулардан “шапка” алып мыйзамсыз баюу боюнча схемасын кайрадан жайылта баштайт. Бул үчүн ал жубайынын иниси И.Тапаевди Иш башкармалыктын өзүнө түз баш ийген сатып алуулар бөлүмүнө жумушка орноштуруп алган. Зыкым официант мамлекеттин чөнтөгүнө көп жолу кол салган. Мамлекеттик резиденцияга 800 м2 килемди наркын атайылап жасалма жогорулатуу менен сатып алган. Ак үйгө көп сандаган отургучтарды жана башка эмеректерди да асмандаткан баада алып, белгилерин жасалмалаган. Сатып алуулар тендерсиз жүргүзүлчү. Уурдаган акчаларына Балашка Москва көчөсүндөгү “OGGI” дүкөнүн ачып, аны өкүл баласына каттап койгон. Резиденцияда иштеген бир жылда эле Балашка-официант эки батир сатып алып, аларды Бишкекглавархитектуранын башчысы болуп иштеген бир тууганы Аскат Тулебердиевге, кийинчерээк аялы Толкун Тапаевага, андан кийин апасына каттаган. Кийин Атамбаевдин резиденциядагы үйүн куруп, андан арттырган каражатка Киргизия-1 элиталык райондо өзүнө үй куруп алды. Өзүнүн үйүн курууда курулуш материалдарынын бир бөлүгүн резиденциядан ташып барган. Чоң-Арык айылында №1 мамлекеттик резиденцияга жакын жерде жер тилкесин сатып алган.

Өзүнүн кошоматчылыгынын жардамы менен Мамлекеттик мүлк фондунун төрагалыгын сурап, ал жерге аны Сапар Исаков дайындаган. Азыр мамлекеттик объектилерди, “Караван” соода борборун жана башка мүлктөрдү өзүнүн тааныштарына төмөндөтүлгөн баада, жеке кызыкчылыгын да унутта калтырбай сатууга далалаттанууда. Иш башкармалыктагы өз балдарын бул жакка да ала келип, алар бардык келишимдерди кайра карап, мамлекеттен имараттарды ижаралаган ишкерлерди саап жатышат. Мамлекеттик ишканалардын директорлор кеңештерине өз кишилерин жылдырып, дайындап келет. Апрелдин ортосунда бүткүл үй-бүлөсү жана аялынын бир тууганы менен Түркияга бир нече күнгө барып, анысын кызматтык сапар катары документтештирген.  Стамбулда жүргөндө тааныш ишкерлерди кыдырып, аларга мамлекеттик объектилерди арзандатылган баада өткөрүп берүү боюнча өзүнүн кызматын сунуштаган. Официант батирлерди, кыймылсыз мүлктөрдү, жер тилкелерин, дүкөндөрдү сатып алууга ушунча каражатты кайдан алды деген суроо жаралат. Анын калкалагычтары Сапар Исаков менен Атамбаев өткөн чакта калганы менен, Балашка дагы деле өзүнүн ыплас иштерин улантып келет. Бийликтин ишенимине кириш үчүн ага жеке өтүнүч менен кайрылган бардык министрлер менен чиновниктерди премьер-министрге сатып турганы айтылууда.

Анын бир тууганы Албек менен бирге шаардагы жер тилкелерин оңду-солду сатышты. Агасы Асхат Гагарин-Баха көчөсүндө көп кабаттуу үй курду. Албетте, “мамлекеттик кызматкерде мынча акча кайдан?” деген суроо жаралат”. Социалдык тармактагы материал мына ушинтип аяктаган.

Бул текст анын өмүр баянына көз жүгүртүүгө түрттү. Официант болуп иштегени жазылган эмес, бирок Бакиев кезинде президенттин иш башкармалыгында референт, бөлүм башчы кызматын аркалаган. 2009-жылы президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти, андан соң президенттин секретариатынын долбоорлоо кызматынын эксперти болуп иштеген. Секретариатты Оксана Малеваная жетектеп, көмүскөдө Максим Бакиевге баш ийип турчу. Демек, мурунку бийликтин коюн-колтугунда жылуу-жумшак орундарда иштеп келген ал Атамбаевдин да ишенген кадрына айланганы чындык экен.

Ал эми атамбаевдик бийликке жата калып кызмат кылган “Дело №” гезити 2016-жылы “Гюленчилерге” арналган чоң макала чыгарган. Анда Ренат Түлөбердиев тууралуу да жазып, аны Ф.Гюлендин “Себатынын” бүтүрүүчүсү экендиги жана Түркияда консул болуп иштеп турганда “параллель мамлекет” деп аталган гюлендик уюмдун таасириндеги иштерди алып барганы айтылган. “Параллель мамлекет” 2016-жылы Түркияда Р.Эрдогандын бийлигине каршы төңкөрүш уюштурган качкын динаятчы Фетхуллах Гюлендин саясатын ишке ашырган уюм катары белгилүү. “Себаттын” ишмердигине Өзбекстанда, Орусияда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Азербажанда тыюу салынган. 2016-жылдан кийин Ф.Гюленге таандык уюмдар, алардын ичинде “Себат” билим берүү тармагы Түркияда экстремисттик идеяларды жайылтат деп таанылган.  Түркия бийлиги Кыргызстандын расмий бийлигине “жогорку бийлик органдарына Гюлендин тарапташтары жайгашып алышканын, аларга карата тиешелүу чараларды көрүү зарылдыгын” эскерткен. Бирок, Атамбаев ага көңүл бурмак турсун, тескерисинче Гюлендин таасиринде делген көптөгөн чиновниктерди кызматтан-кызматка жогорулаткан. Анын мындай мамилеси кыргыз-түрк алакасынын бузулушуна алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости