www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, маркум наристенин ата-энеси ажырашып, ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан болчу.

5 жаштагы Акбермет каналдын жээгинде ойноп жаткан учурда сууга агып кетип каза болгон. Окуя кечээ, 15-июлда саат 17:00 чамасында болгонун Турмуш басылмасы жазып чыкты. 

«Сүрөттө Ош шаарынын борбордук стадионунун алдындагы канал көрсөтүлгөн. Кокустан бул каналга түшкѳн адам шар аккан сууга агып кетери бышык. Ѳтѳ кооптуу болуп, үстү ачык турат. Бул кооптуу жайды бекитүүнү тиешелүү мекемелер тез арада эске алуусу керек. Шаарда мындай жайлар көп. Андыктан, жаш өспүрүмдөргө ата-энелер сак болушу керек», - деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ош шаардык милициясы тургундарды жана конокторду сууга түшүүдѳ коопсуздук эрежелерин сактоого, балдарды кароосуз калтырбоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости