www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын экс- мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланган эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирип, интернетте тараган маалыматты четке какты. Анын айтымында, Ибраимовго суракка келүү тууралуу чакыруу кагазы берилген. Азыркы убакта ал келе элек. Чекисттер мэрдин суракка келишин күтүп жатышат.
15-июлда "Твиттер" социалдык түйүнүнүн "jnastaev" аттуу колдонуучусу Орусиянын Москва шаарындагы «Шереметьево» аэропортундагы паспорт көзөмөл бөлүмүндөгү тактайчада катуу изделип жаткан кишилердин сүрөтү турган монитордо Албек Ибраимов да бар экенин жазып чыккан.
"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон.
Булак: NazarNews